Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 29-январында кол койгон“Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жана андан кийинки “Улуттук нарк жөнүндө” кабыл алган Жарлыктарын турмушка ашыруу учурдун эң бир талылуу маселеси болуп саналат. Элибиздин эзелтен бери келе жаткан каада-салты, үрп-адаты, “жазылбаган мыйзамдары” болгон. Кылымдардын кыйырын кезген өмүр жолунда, турмуштук ар кандай кырдаалда, тагдырдын ар түркүн оор сыноосуна кабылган учурларда да ошол салтты, наркты бекем сактоо менен өзүнүн элдигин сактап келген. Кыргыздардын турмушунда каада-салт эрежелеринен башка эң кызыктуу улуттук оюндары да болгон. Алардын бири ордо оюну. Ордо оюнунда тек гана чүкөнү чийилген сызыктан сыртка атып чыгаруу эмес, элибиздин аскердик турмушун да байкоого болот.
Бала кезде бир баштык чүкөм болор эле. Алардын түстөрү да ар кыл. Кызыл, жашыл, кара, сары. Апам килем сого турган жиптерди кадимки чоң казанга салып өзү эле боеп ала турган. Жиптерди боеп бүткөндөн кийин менин чүкөлөрүмдү салып боеп берчү. Бир кылка бопбоз болгон чүкөлөр эми тим эле кооз болуп, көзүмө укмуштай сонун көрүнчү. Балдарды чакырып, бир сыйра мактанып да алчумун. Миялыда, мен туулуп өскөн айылда кар тизеден өтүп, кээдө аттын омуроосуна жете жаайт эле. Балдардын эле эмес, айылдагы чоң кишилердин кышы бою эрмеги ордо атмай, чүкө ойномой. Айылдык балдардын аткара турган жумушу көп. Мен түштө мектептен келерим менен чай ичип алып, тамда байланып турган атты жайдак эле минип алып, алдыма уйларды, койлорду салып алып сугарып келем. Атты үйдүн алдындагы зым жыгачка, уйларды да короонун сыртындагы казыктарга байлайм да, алардын кыгын чыгарам. Анан чөп салып тамга киргизип байлайм. Койлорго да бир сыйра чөп салып чыгам. Анан кечки мал караганга чейин 4-5 саат бош убакыт калат. Баштыктагы чүкөмөн чөнтөктөрүмө толтуруп салам да ойногону зуу коем. Миялы чакан айыл болсо да өйдөңкү айыл, ылдыйкы айыл деп экиге бөлүнө турган. Ортодо эки айылды бөлүп турган, атамын аты менен аталган “Алакандын дөңү” бар. Биз жыл сайын ушул бийик дөңдүн башындагы тегиз жерге буудай сепчүбүз. Ошондуктан эл аны “Алакандын дөңү” деп атай турган. Азыр деле ошентип аталат. Ылдыйкы айылдын мен курдуу, менден чоңураак, же кичирээк балдары мал байланган тамдардын бурчундагы карды күрөп жиберип, кургагыраак жерге чүкө ойноп киребиз. Аны жөн эле ойнобойбуз, чүкөгө ойнойбуз. Уткан бала, чүкөлөрдү үйүнө алып кетет. Биздин кошунабыз дүкөнчү эле. Ал бизге эле эмес, айылдагы бир топ үй-бүлөгө караганда бир кыйла тың жашай турган. Ошол союздун убагында да, баанын баары катуу көзөмөлдө турган учурда дагы дүкөнчүлөр өөнөп кала турган жолдорун билсе керек. Дүкөнчү кошунанын мен курдуу эки баласы ар дайым жаңы ботинке, жаңы керзовый өтүк, жаңы галош кийип жүрчү. Бир жолу чүкө ойноп олтуруп дүкөнчү кошунанын баласынын болгон чүкөсүнүн баарын утуп алдым. Мен чүкөнү кыйын ойночумун, өзүм курдуу балдардын эле эмес, чоң кишилерди да утуп алчумун. Дүкөнчү кошунанын баласы үйүнө барып атасы жаңы алып берген машина оюнчугун алып келиптир. Машинасын он беш чүкөгө сатып алдым. Дагы ойноп кирдик. Берген он беш чүкөмү кайра утуп алып, машинасын үйгө алып кеттим. Ал томсоргон боюнча калды. Кечкурун тамак жеп олтурсак дүкөнчү кошунанын аялы баласын ээрчитип үйгө келди. Апама кайрылып “Өмүрбек менин баламдын машинасын чүкө ойноп утуп алыптыр. Атасы билсе урушат. Берип койсун” деди. Мен “утуп алгамын” деп бурк эттим. Кошунанын баласы жер тиктеп унчукпайт. Апам “Кой, айланайын балам, машинасын берип кой” дейт. Мен “бербейм” дейм. Тартышып жатып акыры апамын айтканына көндүм да, машинасын кайтарып бердим. Апамдын айтканын эч качан эки кылчу эмесмин. Ата-энемин сөзү мен үчүн мыйзам эле. Ошол ошол болду, менин бир тулуп чүкөм балалыгым менен кошо Миялыда кала берди. Мектепти бүтүп Фрунзеге окууга келдим. Университетти аяктагандан кийин алыскы Тажикстандын Тоолу-Бадахшан автономиялуу облусуна караштуу Мургаб районуна ишке бардым. Балалыктагы чүкөмү ушул жерден кайрадан жолуктурдум. Мургабдык кыргыздардын жайы-кышы ойной турган оюну ордо атмай экен. Дем алыш күндөрүндө мугалимдер бир тарап, айылдын кишилери бир тарап болуп керели кечке ордо ойнойбуз. Ортого бир топоз коюлат. Жеңген тарап топозду согумга союп алат.
Ордо оюну кыргыз элинин байыртадан бери келе жаткан улуттук оюндарынын бири. Оюнга он эки, же же жыйырма адам катышат. Бул оюн мурда түз жерде, көбүнчө кырманда ойнолгон. Ордо оюнуна диамерти 14 метр болгон тегерек сызык чийилет. Чийимдин дал ортосунда кеңдиги 2 см. жана тереңдиги 1 см. ашпаган чуңкур казылат да, анда «кан» жайгашат. «Канга» кошуп үч чүкө салынат да, алар «кан» менен бирге 5 чүкө делип эсептелинет. Анын айланасына бардык оюнчулардын санына ылайык ар бирине 5тен чүкө тизилет. Ордонун борборунун жыдымасына «кан», анын айланасында бир оюнчуга бештен эсептелип, тегерек формада бөгүнөн чүкөлөр салынат. Эгерде мелдешке 20 киши катышса, анда ордого 98 чүкө жана «кан» салынууга тийиш. Анткени «кан» эки чүкөгө эсеп кылынат.
Ордону көбүнчө топоздун томпою менен атышкан. Анткени, уйдун томпоюна караганда топоздун томпою оор жана катуу келет. Кийинчерээк тоо текенин мүйүзүнөн узундугу 8 см, туурасу 6 см, калыңдыгы 2,5 см болгон абалак жасап, ордо атышкан. Ордону абалак менен Ысык-Көл, Нарын, Чүй өрөөнүндө атышса, Түштүк облустарда жана Таласта томпой менен гана ойношкон.
Учурда ордо оюнунун бирдиктүү эрежеси иштелип чыгып, томпой менен гана ойноо каралган. Ордо оюнунда ура атуу, топ бузуу, кыңай атуу, кадамак кадоо, тоорумай, чалмай атуу жана чертүү ыкмалары кеңири колдонулат. Ошондой эле тыюу салынган бир нече кыймыл-аракеттер, жыдымайдын түрлөрү дагы так эрежеге салынган.
Эки жааттын ортосундагы беттешүү мурдатан жүргүзүлгөн чүчү кулак кармоонун негизинде өткөрүлөт.Оюн башталардын алдында эки жаат чийимдин сыртында маңдай тескей тизилишет. Башкы калыстын чакыруусу боюнча эки жааттын башчылары аянтчадагы тегеректин ортосундагы калыска барышып, бири – бири менен кол алышып учурашат. Андан кийин калыс оюндун кезегин аныктоо үчүн сологой чүкөнү калчайт. Чүкө кайсы топко айкүр түшсө ошол топ оюнду баштайт. Оюн эки топтун биринде ар бир оюнчуга кеминде бирден чүкө жетпей калганга чейин жүргүзүлөт. Эгерде бир топто бардык ашыктардан ажырап, бирок «каны» болсо, анда ага оюнду улантууга укук берилет, мындай учурда чүкөсү жок топтун бир оюнчусуна «кан» берилет.
Оюндун узактыгы эки сааттан ашпайт. Эгер бул убак аяктагандан кийин эки топтун бири да жеңишке жетишпесе, анда оюн токтотулат да, жеңиш топтордун уткан чүкөлөрүнүн санына жараша аныкталат. Чүкөлөрдүн саны бирдей болуп калган учурда оюндун натыйжасы тең болду деп эсептелет. Эгерде ордодогу чүкөлөр атылып бүткөндөн кийин «кан» чертилип жаткан учурда белгилеген убакыт бүтүп калса, оюн «канды эки топтун бири чертип алганга чейин узартылат. Жеңген топтордун оюнчуларына — 2 упай берилет, тең чыгышса — I упайдан берилет, жеңилгендерге — утуш упайы берилбейт.
Ордо оюнунда ура атмай, кыңкай атуу, кадамак, тоорумак, чалмай атуу, чертмек, ичке олтуруу сыяктуу өз эрежелери, түрлөрү бар. Мисалы, кан чертүүнү алалы. Ордодогу чүкөлөрдүн бардыгы атылып жана чертилип алынгандан кийин эки топ «кан» чертет.Эки топтун башчылары «кан» чертүүгө бирден оюнчу белгилешет, аларды керек болсо алмаштырууга мүмкүн; «кан» борбордун жанында атайын жасалган жайда чертилет. «Кан» чертилүүчү жайдын тереңдиги 2 см., чоңдугу 4X2 см. ашпаган, чети жайпак тартып чуңкурураак болот. “Канды” чертиш үчүн аянттагы калыс белгиленген жерге аны өз колу менен коюп берет. «Кан» чертилип жаткан мөзгилде чийимдин ичинде башкы калыс, «кан» чертүүчү эки адамдан башка эч ким болууга тийиш эмес. Чертилген «кан» учуп барып чийимдин четине бир чекеси илинип калса чыкканга жатпайт, кайрадан чертилет. «Канды» ордодогу чүкөлөр түгөнө электе ичке түшкөн оюнчу чүкө чертип жаткан көзде да чертүүгө уруксат берилет; ортодогу чүкөлөр атылып жатканда «кан» чийимге жакын жерге келип жатып калса, аны кадап чыгарып алууга мүмкүн. Ордодогу ашыктар атылып жаткан мөзгилде «кан» чийимден чыгып кетсе ал оюнду атып жаткан топтун пайдасына калат.
Кыргыздардын турмушунда ордо оюнунун аскердик да мааниси болгон. Бул оюн кыргыздардын байыркы аскер турмушун, жашоосун чагылдырат. Оюндун аты өзү туюнтуп тургандай, ал «борбор», «хан ордосу», экинчи бир маанисинде «шаар» дегенди аныктап турат.
Элибиздин эзелтен келе жаткан улуттук оюндарын унутта калтырбай, республикалык деңгээлде мелдештерди өткөрүп турууну салтка айландырыш керек. Улуттук оюндардан көк бөрү, бел күрөш, ат чапмай сыяктуу оюндар гана эл арасында ойнолуп келе жатат. Эмне үчүн ордо оюну боюнча республикалык мелдеш өткөрүүгө болбосун. Эң сонун болот.
Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ
№28 «Эркин-Тоо» гезити
2024-жылдын 12-апрели
Сүрөт: интернет булактарынан алынды