"Эркин-Тоо"

Организмге пайдалуу эмес тамак-аш азыктарын жарнамалоого чектөө киргизүү демилгеленүүдө

Тактап айтсак, өлкөдө курамында туздун, канттын жана эт майынын камтылышы жогору болгон азыктарды жарнамалоого чектөө киргизилгени жатат. 2021-жылдын 21-апрелинен тарта «КР айрым мыйзам актыларына («Жарнама жөнүндө», «Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө» КР мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР мыйзамынын долбоору коомдук талкууга коюлууда. Демилгечи Жогорку Кеңештин депутаты Елена Строкова болгон. Ал Кыргыз Республикасында тузду колдонуу дүйнөдөгү жогорку чекте турат, бул ДССУ сунуштаган сандан 2,5 эседен ашуунга жогору,-деп белгилеген.
Андыктан эл өкүлү балдар үчүн басылмаларда, телекөрсөтүү жана радио боюнча балдар каналдарында жергиликтүү убакыт боюнча саат 7ден 22ге чейин теле- жана радио программаларда жарнамаларды чектөөнү сунуш кылган. Буга кошумча жарнаманын соңунда тамак-аш азыктарын ашыкча колдонуунун зыяны жөнүндө эскертүү берилиши керек деп эсептейт эл өкүлү. Мындай сунуш айрыкча балдардын саламаттыгына кам көрүү үчүн берилип жаткандыгы айтылды.

Пример HTML-страницы