Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун буйругу менен Азамат Дороев баш калаабыздын Октябрь райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акими кызматынан бошотулду. Мэрдин Дороевге байланыштуу чечиминин сыясы кургай электе Абдыкадыровдун экинчи буйругу менен Жаныбек Орозалиев аталган аймактын “эки тизгин, бир чылбырын” колго алды. Бул куш тилиндей маалымат Ала-Тоо ичин алеки саатта аралап кетти.