Кыргызстанда бул жылы Орозо айы 19-февралда башталат. Бул боюнча Өзбекстандын Самарканд шаарында ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн муфтияттарынын алдындагы фатва кеңеши чечим кабыл алды.
Муфтият билдиргендей, 18-февралда өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окулат.
Рамазан айында мусулмандар 30 күн орозо кармайт. Орозо Айт майрамы менен жыйынтыкталат.

