Кыргызстандын муфтиятынан билдиришкендей, орозонун башталышынын алдын ала датасы жакынкы аралыкта белгилүү болот. Белгилей кетсек, былтыр ыйык ай 11-мартта башталган. Ал эми Казакстандын жана башка өлкөлөрдүн муфтиятынан алынган маалыматка караганда, Орозо майрамынын башталышы 1-мартка туура келет. Бирок, Казакстандын дин кызматкерлери орозонун башталышынын так датасы жаңырган айдын көрүнүүсүнө жараша өзгөрүшү мүмкүн экенин эскертти.