"Эркин-Тоо"

Орточо айлык акы 34 миң 710 сомду түздү

Кыргызстанда 2024-жылдын январь-май айларында бир кызматкердин орточо айлык акысы 34 миң 710 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева  билдирди. Анын айтымында, өткөн 2023-жылга салыштырмалуу өсүү 11% түзгөн. Ал белгилегендей, эмгек акынын жогорулашы дүң жана чекене соода, кыймылсыз мүлк менен операциялар, авто жана мотоциклдерди оңдоо, курулуш, суу менен камсыздоо жана тазалоо, тоо-кен казып алуу, ошондой эле транспорт жана жүктөрдү сактоо, камсыздандыруу жана илимий ишмердүүлүктө байкалган.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!