2024-жылдын январь-июнь айларында чакан ишканаларды эсепке албаганда бир кызматкердин орточо айлык акысы 35 миң 298 сомду түздү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Бул көрсөткүч 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 10,6 %га, ал эми реалдуу эмгек акынын өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алуу менен – 5,2 %га өскөн.