2024-жылдын январь-июль айларында чакан ишканаларды эсепке албаганда, бир кызматкердин орточо айлык акысы 35 миң 621 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Айлык акынын көрсөткүчү 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,1%га өскөн. Анын айтымында эмгек акы эң көп дүң жана чекене соода, кыймылсыз мүлк менен операцияларды жүргүзүү, унаа жана мотоциклдерди оңдоо, курулуш, суу менен камсыздоо жана тазалоо, тоо-кен казуу, кесиптик жана илимий ишмердүүлүк, финансылык ишмердүүлүк жана камсыздандыруу чөйрөсүндө, ошондой эле транспортто жана жүктөрдү сактоо тармагында өскөнү байкалган.