2016-жылдан бери Саламаттыкты сактоо министринин жардамчысы болуп иштеп келген Тилек Мамадалиев Саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды. Мурдагы орун басар Жаркынбек Касымбеков кызматынан кетти. Жаркынбек Касымбеков мурдагы министр Алымкадыр Бейшеналиевдин да орун басары болуп иштеп, кийин министр кызматын убактылуу тапшырганда анын милдетин убактылуу аткарган. Азыркы министр Гүлнара Баатырова дайындалганда Жаркынбек Касымбеков креслону бошотуп берип, кайра орун басарлык кызматына барган.