"Эркин-Тоо"

Орунтаев Асман шаарынын курулушу боюнча маалымат берди

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Асман шаарынын курулушу жакынкы бир жарым жылда башталарын билдирди.

Анын айтымында, кандайдыр бир объектти куруунун алдында долбоорлоо процесси болот.

«Бул узак мөөнөттүү долбоор. Анын мөөнөтүн айтуу азыр мүмкүн эмес. Баштапкы планга ылайык, ондогон имарат салынат. Азыр жумуш башталды. Албетте шаар кеңейет. Балким ага 10 жыл кетет, балким 20 жыл керек болот. Болжол менен бир жарым жылдын ичинде алгачкы имарат тургузулат», — деген Орунтаев курулушка инвесторлор тартылганын белгиледи.

«Мен шаар курулат деп ишенем. Учурда курулуш иштери жүрүп жатат. Бизде инвестиция бар. Инвесторлор азыртан эле инвестиция сала башташты. Бул долбоорго көптөгөн инвесторлор кызыкдар, демек акча да бар», — деп кошумчалады Орунтаев.