2024-жылдын 25-ноябрына карата күзгү дан өсүмдүктөрүн оруп жыйноо иштери 99,6 % бүткөрүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, буудай 240,5 миң га жыйналып, түшүмдүүлүгү 30,1 ц/га түзгөн. Арпа 245,9 миң га аянтта жыйналып, түшүмдүүлүгү 25,6 ц/га түзгөн. Чанактуулар жалпы 53,2 миң га аянтта жыйналып, тушүмдүүлүк 15,5 ц/га түзгөн.
Ал эми, отчеттук мезгилге дандык жүгөрүнү оруп-жыйноо жумуштары аяктап, жалпы 106,9 миң га аянтта жыйналып, дүң жыйымы 754,3 миң тоннаны түзүп, түшүмдүүлүгү 70,6 ц/га түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 1,9 ц/га жогору болуп отурат.
Техникалык өсүмдүктөр боюнча айта кетсек, кант кызылчасы 13,2 миң гектар аянттан жыйналып алынып, түшүмдүүлүгү 655,8 ц/га түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 182,9 ц/га жогору. Дүң жыйымы 866,9 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 245,8 миң тоннага жогору болду. Бул өсүмдүктүн көрсөткүчтөрү 2024-жылы жогорку деңгээлде турууда.
Азыркы тапта республиканын Баткен, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Талас жана Ысык-Көл облустарында күздүк буудайды себүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Ал эми, күздүк арпаны себүү жумуштары жалпы 7,9 миң га жүргүзүлүп, пландаштырылган 11,4 миң аянттын 70% жумуштар аткарылып отурат.