"Эркин-Тоо"

Орус тили жана адабиятын окуткан мугалимдер Москвада илимий стажировкадан өтө алышат

Кыргызстанда орус тили жана адабиятын окуткан мугалимдер Москвада илимий стажировкадан өтө алышат. Бул тууралуу Бишкектеги «Русский дом» уюму билдирди.
Горчаков атындагы фонд, Пушкиндин ысымын алып жүргөн, орус тили боюнча мамлекеттик институт жана Россотрудничество агенттиги уюштуруп жаткан программага катышууну каалагандар 28-августка чейин арызын тапшыра алат.
Катышуучулар орус окумуштууларынын филология тармагындагы эң олуттуу жана келечектүү жетишкендиктери менен таанышат. Университеттерде, аналитикалык борборлордо, эксперттик сессияларга катышып, Пушкин атындагы окуу жайдын окумуштууларынын жетекчилиги менен иш алып барышат.
Катышууну каалагандар Россиянын аймагында жашабаганын жана Кыргызстандын жараны экенин далилдеши зарыл. Тандоодон өткөндөрдү уюштуруучу тарап жол кире, жатакана жана стажировкадан өтүү мезгилинде стипендия менен камсыз кылат.
Катышуу эрежелери тууралуу кененирээк маалыматты Горчаков атындагы фонддун сайтынан алуу болот.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!