Мигранттардын балдары мектепте окушу үчүн орус тилинен тест тапшыруусу 2025-жылдын 1-апрелинде башталат. Бул туурасында Россиянын вице-премьери Дмитрий Чернышенко билдирди
«Азыр Рособрнадзор тесттен өткөрүү системасында методикалык материалдарды, баалоо критерийлерин даярдап жатат, себеби ар кайсы класстар үчүн тесттин ар кыл деңгээлдери керектигин түшүнүп турабыз. Келе жаткан жылдын 1-апрелинен тарта мындай иштер өлкөбүздүн бардык билим берүү жайларында ырааттуулук менен өнүгө баштайт», — деген Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары.