"Эркин-Тоо"

ОРУСИЯ ЭМИ КАНДАЙ ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛАТ?

Бүтүндөй дүйнө коомчулугу, анын ичинде АКШ Президенти Дональд Трамп баш болуп, Орусия чындап эле үч жылдан бери Украина менен болгон согушту токтотууга кызыкдарбы же Украинаны биротоло басып алуу максатынан кайра тартпайбы? – деген суроого ачык жооп алууга кызыкдар экени аалам алкагында кызуу талкуу болуп жатат. Үстүбүздөгү жылдын 11-мартында Сауд Арабиясында өткөн тогуз саатка созулган олуттуу сүйлөшүүлөрдөн кийин Украина АКШнын ок атышууну 30 күнгө токтотуп туруу сунушуна макул болгону жарыяланган. Эгерде ал сунушту расмий Москва колдой турган болсо, анда 30 күнгө токтотулган 30 күндүк мөөнөт дагы узартылышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда. Эми Орусия кандай чечим кабыл алат? – деп дүйнө коомчулугу Москвага кулак түрүп байкоо салып турат.

Бул Сауд Арабиясынын Жидда шаарында өткөн сүйлөшүүлөр АКШ менен Украинанын ортосундагы мамиле бир топ салкындай түшкөн мезгилге туш келди. Февраль айында Ак үйдө Дональд Трамп менен Украинанын Президенти Владимир Зеленскийдин ортосундагы кайым-айтыш ички мамилени бир топ суутуп жибергени маалым. Анда Д. Трамп В. Зеленскийди согушту токтотууга олуттуу мамиле жасабай жатат, – деп айыптаган. Анын кесепетинен Украина менен АКШ Украинанын сейрек кездешүүчү кен байлыктарын бирге иштетүү боюнча түзүлгөн келишимге кол коюуга жетишпей калганы дайын болгон. Ал эле эмес, февралдагы сүйлөшүүлөрдөн кийин Д. Трамп Украинага аскердик жардам көрсөтүүнү, ошондой эле эң маанилүү чалгын маалыматтарын бөлүшүүнү да убактылуу токтотуп койгону айтылган. Жиддада болуп өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин расмий Вашингтон бул чектөөлөрдү алып салып, расмий Киев менен минералдык ресурстарды бирге иштетүү боюнча түзүлгөн келишимге кол коёрун жарыялады.

АКШ Президенти Дональд Трамп ушул апта ичинде Орусиянын Президенти Владимир Путин менен сүйлөшүп, айтылган сунушка макулдугун алууга аракет жумшарын айтканы жарыя болду. Бирок, көптөгөн саясат талдоочулар, серепчилер В.Путин Д.Трамптын сунушун колдооруна анчейин ишенбей турганын айтышууда. Тафс университетинин саясат таануу профессору Оксана Шевель ЖМКларга берген маалыматында, “Эгерде Орусия бул сунушка макул болсо, анда албетте таң калыштуу болот” – деп билдирген өз пикирин. Анын айтымында, «Владимир Путин ок атышууну токтотууга макул болушу үчүн Украина Орусиянын койгон негизги шарттарын аткарышын талап кылышы мүмкүн. Ал деген, Д.Трампты оор абалга кептеп, ыңгайсыздык жаратпай койбойт» – деген пикирин билдирген.

АКШ Президенти Дональд Трамп согушту токтотуу демилгесин көтөрүүдө өзүн бейтарап ортомчу катары көрсөткүсү келгенин көрүп турган айрым эксперттер мындан күмөн санашат. Анткени АКШ Президенти согушту ким баштаганын ачык айтып, аны баштаган тарапты айыптоодон баш тартып келгени жөнүндө пикир билдиришүүдө. Эксперттер «Эгерде Орусия ок атышууну токтотуу боюнча келишимди кечиктирсе, Трамп кандай реакция кылат?» – деген суроону кабыргасынан коюп келишет. Серепчилердин байкоосунда, расмий Москва азыр согушту токтотууга каршы болушу мүмкүн, анткени Орусия бул согушта өзүнүн жеңишине толук ишенип, Украинанын калган бөлүгүн аннексиялоо боюнча алдыга койгон максатынан баш тартышы мүмкүн эмес, – деп болжолдошууда.

Учурда Орусиянын куралдуу күчтөрү Украинанын аймагынын 20 пайызын көзөмөлдөп турганы маалым. Акыркы бир жылдан бери согуш талаасында РФ демилгени өз колуна алганын байкоочулар айтып келүүдө. Бул согушта орус аскерлери канчалык жоготууларга учурабасын, акырындап, Украинанын чыгышындагы бир катар маанилүү шаарларды басып алганы чындык. Батыш өлкөлөрүнүн жардамына муктаж болгон Украина өз армиясына жоокерлерди жаңылап тартууда кыйынчылыкка туш болуп жатканы дүйнө коомчулугуна маалым. Ошондуктан көптөгөн эл аралык алкактагы эксперттер Украинага Батыш мамлекеттеринен кошумча кандай аскердик жардам келбесин, Украина согушта Орусияга алдырып ийген аймактарын кайтарып ала алабы? – деген жоопсуз пикирин карманып турушат. АКШ эми ок атышууну токтотуу боюнча Орусия менен түз сүйлөшүү жүргүзөрү айкын болду, бирок биргелешкен билдирүүдө Украина бул олуттуу маселени чечүү жолдорун сүйлөшүүдө Европанын да тартылышын каалай турганын билдирди.

Бахпурбек Аленов