Орусиянын кумшекерди экспорттоого киргизген чечими биздин өлкөдөгү кумшекердин баасынын өсүшүнө эч кандай таасир этпейт. Бул тууралуу “Кошой” кант заводунун директорлор кеңешинин төрагасы, “Кайыңды Кант” ААКысынын директорлор кеңешинин мүчөсү Алмазбек Алтыбаев билдирди.
Анын айтымында, Орусия кумшекерди экспорттоого тыюу салганына карабастан, ЕАЭБ үчүн квоталар каралганын эстен чыгарбоо зарыл.
“Тыюу салуу чечими шейшемби күнү чыкты. Алдын ала сатып алчулар кумшекерди камдап алды. ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн Орусиянын квотасы бар. Бирок ошол эле маалда бизде эмки жылдагы түшүм жыйноого чейин жеткидей кор бар. Буга байланыштуу быйыл кумшекерге болгон дүрбөлөң жок жана баа туруктуу», — деп белгиледи Алтыбаев.
Ошондой эле ал базарда Орусиянын кумшекери 70-71 сом, Кыргызстандыкы 72,20 сомду түзүп жатканын кошумчалады.