"Эркин-Тоо"

Орусия Кыргызстанга 500 миң доза вакцина жөнөтөт

Орусия Кыргызстанга «Спутник V» вакцинасынын 500 миң дозасын жөнөтөт. Бул тууралуу маалыматты Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, ал Орусиянын Саламаттыкты сактоо министри менен жолукканда, вакцина жеткирүү маселесин козгогон. Михаил Мурашко бул маселе президенттердин деңгээлинде чечиле турганын айткан.
«Президент Садыр Жапаровдун Орусияга болгон иш сапарында аталган маселе көтөрүлгөн. Натыйжада, Орусия Кыргызстанга 500 миң доза «Спутник V» вакцинасын берүүсү боюнча макулдашылган. Вакцина бизге май айында келет деп күтүп жатабыз», — деди министр.

Пример HTML-страницы