Жогорку Кеңеш орус тилдүү тогуз мектепти куруу боюнча келишимди бир эле учурда үч окууда жактырды. Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун өтүнүчү менен Орусия жети облуска жана республикалык маанидеги эки шаарга билим берүү мекемелерин кура турган болгон.
Долбоор Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан ишке ашырмакчы. Мектептер курула турган гранттын көлөмү азырынча белгисиз, аны берүүнүн тартиби келишимде аныкталат.