"Эркин-Тоо"

Орусияда үй жаныбарлары жана айбанаттар коронавируска каршы эмделет

Орусияда үй жаныбарлары жана айбанаттар үчүн коронавируска каршы «Карнивак-Ков» вакцинасы иштелип чыкты. Бул тууралуу Орусиянын Айыл чарбасын көзөмөлдөө органынын вице-президенти Константин Савенков билдирди.
Вакцинанын клиникалык сыноолору 2020-жылдын октябрь айында башталып, сыноодон ит, мышык, арктикалык түлкү, булгун, түлкү жана башка жаныбарлар өткөн.
Изилдөө учурунда вакцинанын зыяны жок экени аныкталган. Эмделген жаныбарлардын баары ооруга каршы антитело иштеп чыгып, иммунитети алты ай бою коргоодо болгон. Препаратты көп өлчөмдө чыгаруу апрель айында башталары айтылды.
Савенковдун айтымында, бул вакцинаны ата мекендик мех иштеткен фирмаларга, ошондой эле Греция, Польша жана Австрияга жеткирүү каралууда. Вакцинага мындан тышкары АКШ, Канада жана Сингапурдун ишканалары да кызыгуу арттырып жаткандыгы белгилүү болду.

Пример HTML-страницы