"Эркин-Тоо"

Орусияда каза болгон 14 жарандын жакындарына канча акчалай жардам көрсөтүлөрү айтылды

Орусияда жол кырсыгынан улам каза болгон 14 жарандын жакындарына акчалай жардам берилет. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасанын орун басары Бакыт Төрөбаев маркумдардын жакындары менен Ош аэропортунда жолуккан учурда айткан.

“Президенттин фондунан өтүп кеткен жарандардын жакындарына жана ооруканадагы 3 жаранга 300 миң сомдон берилет.

Алдын ала маалыматтар боюнча, биздин жарандар бусикте болгон. Сүзүп кеткен “фуранын” айдоочусу телефон аркылуу дары сураптыр. Болжолдуу маалымат боюнча, ал сүзгөнгө чейин каза болуп калган”, — дейт Төрөбаев.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!