"Эркин-Тоо"

Орусияда каза болгон жаран. 2 миллион рубль кенемте

Орусияда жумуш учурунда бийиктиктен кулап каза болгон 24 жаштагы кыргызстандыктын үй-бүлөсүнө 2 миллион рубль өлчөмүндө кенемте өндүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады. Маалымдагандай, тиешелүү ишти министрликтин Орусиядагы өкүлчүлүгү ишке ашырган. Ошондой эле каза болгон кыргызстандыктын сөөгүн Кыргызстанга алып келүүдө зарыл болгон документтерди даярдоодо жардам көрсөтүлгөн.

Пример HTML-страницы