"Эркин-Тоо"

Орусияда Кыргызстандын жарандарына айдоочу болуп иштөөгө тыюу салуу сунушталды

Орусиянын Мамлекеттик Думасы Кыргызстандын жарандарына Орусия Федерациясында айдоочу болуп иштөөгө тыюу салууну сунуштоодо. Бул боюнча Орусиянын айдоочулук күбөлүгүн окуп алгандар гана айдоочу болуп иштөө укугун караган мыйзам долбоору киргизилди. Документ ченемдик укуктук актылар порталында жайгаштырылган.

Документтин түшүнүк катында азыркы “Жол коопсуздугу жөнүндө” мыйзам Кыргызстандын жана орус тили расмий деп таанылган өлкөлөрдүн жарандарына автобус же такси айдоочусу болуп иштөөгө уруксат берери айтылат. Бирок, долбоорду иштеп чыгуучулар мыйзамдан мындай жобону алып салууну сунуштап жатышат. Жакынкы убакта Орусиянын айдоочулук күбөлүгун алгандарга гана айдоочу болуп иштөөгө уруксат берилет.

Демилгенин авторлору түшүндүрмө катында жол  кырсыктарына көбүнчө Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан, Армения жана Азербайжандын жарандары күнөөлүү экенин  белгилешкен.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!