КР Тышкы иштер министрлиги Орусияда жүргөн кыргызстандыктарга 2023-жылдын 26-октябрынан тартып Орусия Федерациясында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды миграциялык каттоодон өткөрүүнүн жаңыланган тартиби күчүнө киргендигин эскертет.
Маалымтка ылайык, чет өлкөлүк жарандарга Орусияга миграциялык каттоо органдарына өздөрүнүн келгени жана жашы жете элек балдарынын келгендиги тууралуу сайт аркылуу “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды (функцияларды) көрсөтүүнүн бирдиктүү порталы” федералдык мамлекеттик маалыматтык тутумун колдонуу менен өз алдынча электрондук түрдө билдирүү укугу берилди.
Ижара келишими түзүлсө, чет өлкөлүк жарандар менчик ээсинин кошумча макулдугусуз өздөрүнүн жана келишимде көрсөтүлгөн жашы жете элек балдарынын келгендиги жөнүндө билдирүүнү өз алдынча (жеке же электрондук түрдө) бере алышат.
«Ошону менен бирге, миграциялык каттоону жүргүзүүнүн жаңы тартиби күчүнө киргендигине байланыштуу, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине мекендештерден чет өлкөлүк жарандарды миграциялык каттоого тургузуу үчүн турак жайдын менчик ээлеринен арыздарды берүүдөгү орун алган техникалык кыйынчылыктар, анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталындагы мүчүлүштүктөр жана каттоо фактысын тастыктоо үчүн көпкө күтүүлөр менен байланышкан кайрылуулар келип түшүүдө. Орусияда чет элдик жарандардын көптүгүн жана миграциялык мыйзамдардагы өзгөрүүлөрдүн жаңылыктарын эске алып, бул кыйынчылыктар убактылуу деп эсептейбиз», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, РФ миграциялык мыйзамдарындагы бул жаңычылдыктар кыргыз тараптын сунуштарын эске алуу менен Орусия тарап тарабынан кабыл алынган. «Орусия чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды миграциялык каттоо жөнүндө» Орусия Федерациясынын Федералдык мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип, тиешелүү федералдык мыйзам кабыл алынганга чейин, кыргыз тарап КР Тышкы иштер министрлигинин атынан КРн жарандарын каттоонун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында россия тарап менен комплекстүү иштерди жүргүзгөн.

