"Эркин-Тоо"

Орусияда терактка байланыштуу аза күтүү күнү жарыяланды

Москва шаарынын четиндеги «Крокус сити холлдо» болгон терактка байланыштуу Орусияда жалпы улуттук аза күтүү жарыяланды.

Белгиленгендей, 22-март күнү кечинде «Пикник» тобунун концертинин алдында бир нече адам куралдан ок чыгарган. Кийинчерээк имаратта жарылуу болуп, өрт чыккан. Акыркы маалыматтар боюнча, 130дан ашуун адам каза болду, жабыркагандардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн. РФ Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 140тан ашуун адам жаракат алган.