"Эркин-Тоо"

Орусиядагы кыргызстандыктар медициналык камсыздандыруу полисин акысыз ала алат

Орусиядагы эмгек мигранттары милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) санариптик полисин акысыз ала алышат.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ушул жылы 15-февралдан тарта Москва шаарында иштеген кыргызстандыктар милдеттүү медициналык камсыздандыруунун санариптик полисин ала алат.

Ал үчүн Малая Полянка көчөсү, үй №7 б.№5 дареги боюнча министрликтин Москва шаарындагы өкүлчүлүгүнө кайрылуу керек. Каттоо ар бейшемби күнү саат 11:00дөн 17:00гө чейин жүргүзүлөт.

Алуу акысыз. Төмөнкү документтердин түп нускаларын гана көрсөтүү керек (18 жаштан баштап чет өлкөлүк жарандар үчүн):

— чет өлкөлүк жарандын паспорту;
— эмгек келишими (жарандык укуктук келишим эмес, контракт эмес, ж. б.);
— жеке эсептин камсыздандыруу номери (ЖЭКН- СНИЛЗ) (сөзсүз);
— чет өлкөлүк жарандын келүүсү жөнүндө кабарлоо бланкынын айрыма бөлүгү.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун санариптик полиси:

— Орусиянын бардык аймагында акысыз медициналык жардам алууга;
— диспансеризациядан жана профилактикалык текшерүүдөн өтүү;
— адистештирилген медициналык жардам алуу үчүн дарылоо мекемелерин тандоо.