"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Коом

Орусиядагы мигранттар: «Балдарыбыз окубай калышабы?»

Жогорку Кеңештин 11-июндагы жыйынында депутат Жанар Акаев Орусиядагы мекендештердин балдарын мектепке жана бала бакчага берүүдө жаралган маселелер туурасында айтып, ата-энелердин кайрылуусуна токтолду.

«Орусиядагы кыргыз жарандарынын өз балдарын мектепке жана бала бакчага берүүсү абдан татаалдашты. Орус тили боюнча сынак тапшырып, бирок сынактан өтө албай калгандар көп болууда. Биздин мекендештерибиз балдарын эми кайсыл жакта окутат? Бул маселеге Министрлер Кабинети, Тышкы иштер министрлиги жана биздин Орусиядагы элчилигибиз киришип, орус тилин окутуу боюнча борборлор түзүлүшү керек. Мага «Балдарыбызды мектепке бере албай жатабыз. Балдарыбыздын тагдыры эмне болот? Окубай калышабы?» – деген каттар тынымсыз келип жатат, – деди Жанар Акаев.