Орусиялык ырчы Юрий Шатунов каза болду. Бул тууралуу ырчынын директору жана продюсери Аркадий Кудряшов тастыктады.
“Ласковый май” группасынын мурунку мүчөсү Москвада жүрөгү кармап түнү Тез жардам унаасында каза болгон. Шатунов болгону 48 жашта болгон.
Маркум ырчы Юрий Шатунов “Седая ночь”, “Белые розы”, “Детство” жана башка ырлары менен белгилүү болгон.