11-июнда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр элчини келе жаткан мамлекеттик майрамы – Орусия күнү менен куттуктап, Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жасаган иши жана жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Ал белгилегендей, Орусиянын элчиси болуп иштеген мезгилде эки мамлекеттин ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине көтөрүлгөн.
Тараптар жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн, ошондой эле ушул жылы июль айында Красноярск шаарында боло турган Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-россиялык өкмөттөр аралык комиссиясынын 25-жыйынына жана XI кыргыз-россиялык аймактар-аралык конференциясына даярдык көрүү маселелерин талкуулашты.
Элчи Удовиченко кыргыз тарапка өз милдеттерин аткарууда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташууну мындан ары да тереңдетүү үчүн күч-аракетин жумшай турганын белгиледи.
Жолугушуунун соңунда министр Жээнбек Кулубаев элчи Николай Удовиченкону эки өлкөнүн мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн КР Тышкы иштер министрлигинин юбилейлик медалы менен сыйлады.