1-январдан тартып транспорт каражаттарынын ээлери милдеттүү түрдө жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандырышы керек. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын камсыздандыруу ишин көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси Тахмина Камчыбекова билдирди.
Анын айтымында, тиешелүү мыйзам 2015-жылы эле кабыл алынган, бирок бир нече себептен улам 2022-жылы гана тиешелүү токтом кабыл алынды.
Камчыбекова айрым камсыздандыруу компаниялары «ОСАГО» полисин берип баштаганын белгиледи. Анын маалыматы боюнча, 9 компания полис берүү боюнча лицензия алган, анын ичинде Мамлекеттик камсыздандыруу уюму да бар.
Камчыбекова унаа ээлери 1-апрелге чейин полис алышы керек экенин, 1-апрелден тартып жол тескөөчүлөр айдоочулардан полис талап кыла турганын белгиледи.
«Эгерде «ОСАГО» полиси жок болсо, анда 3 миң сом айып пул салынат», — дейт Камчыбекова.