Кээ бир жарандар автоунаасын камсыздандыргандан кийин жол кырсыгына кабылган учурда камсыздандыруу компаниясы дароо чыгымдарды төлөп берет деген туура эмес түшүнүккө ээ. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, мыйзамда көрсөтүлгөн тартипке ылайык, жол кырсыгына катышкан унаалардын экөө тең алгач айып короо жайына токтотулат. Андан кийин тергөө иштери жүргүзүлүп, МАИ кызматкерлери расмий токтом чыгаргандан соң гана камсыздандыруу компаниясы компенсация төлөп берет.
Ошондой эле Байказы Айтикул уулу Укук бузуулар кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүгүнө токтолуп, анда жеңил материалдык зыян келтирилген жол кырсыгында күнөөлүү деп табылган жарандын камсыздандыруу полиси бар болсо, 5500 сомдук айып пул жокко чыгарылышы же камсыздандыруу компаниясы тарабынан төлөнүшү мүмкүн экенин кошумчалады. Бул учурда кырсыктын бардык жагдайлары эске алынат.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынан жарандардан унааны камсыздандыруу менен байланышкан мыйзамдарды жана тартиптерди так билүүгө чакырышты.

