Ош облусунун ички иштер башкармалыгы Ноокат районунда орун алган жол кырсыгы жөнүндө маалымат берди. Кечээ, 13-июнда, Ноокат районунда өспүрүм бала башкарып келе жаткан унаа аласалып, жыйынтыгында 6 адамдын өмүрү кыйылды. Белгилүү болгондой, Ош — Баткен — Исфана унаа жолунун 23-чакырымындагы кырсык тууралуу маалымат Ноокат РИИБине 13-июнда саат 11:53төр чамасында келип түшкөн.
Honda Fit үлгүсүндөгү автоунааны 15 жаштагы өспүрүм башкарып бара жаткан. Ал каршы тилкеде келе жаткан Daewoo Matiz үлгүсүндөгү 32 жаштагы Баткен облусунун тургуну башкарып келе жаткан унаа менен кагышкан. Кырсыктан Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаадан бир адам, ал эми экинчи көлүктөн айдоочусу менен кошо төрт адам мерт болгон.
Кырсыктан алты киши жабыркап Ош шаардык ооруканасына жеткирилген. Алар: 17 жаштагы эки, 16, 15, 7 жана 3 жаштагы балдар.
too.kg/osh-%d3%a9sp%d2%afr%d2%afm-bashkargan-unaa-kyrsykka-kabyldy-kaza-bolgondor-bar/1181492-7dea6001905563c07a95867c22dbc764/» class=»wp-image-12918″/>
too.kg/osh-%d3%a9sp%d2%afr%d2%afm-bashkargan-unaa-kyrsykka-kabyldy-kaza-bolgondor-bar/1181491-107c1a8b4d98418ab7fbf3a4af0d961c/» class=»wp-image-12919″/>