Ош шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, Курман айт майрамына карата Ош шаарындагы 68 мечитте айт намазы окулду.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев борбордук «Сулайман-Тоо» мечитинде намазга катышып, элди майрамы менен куттуктады.
Мэр шаар тургундарына жана конокторуна тынчтык, токчулук, береке, ынтымак, аманчылык жана бекем ден соолук каалап, өлкө өсүп-өнүгүү, бейпил турмуш орной беришин тиледи.