Ош шаарында жана Кара-Суу районунда мыйзам талаптарын бузган 7 акча алмаштыруучу жайдын иши токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында аталган алмашуу жайлары мыйзамдарды жана ченемдик талаптарды сактабагандыгы аныкталган. Ага байланыштуу чечим 3-4-февралда кабыл алынган.
Лицензиясы токтотулган акча алмаштыруучу жайлар төмөнкүлөр:
-
Кара-Суу району, Жаңы-Турмуш айылында жайгашкан «Форекс Голд»;
-
Ош шаары, Алымбек Датка көчөсүндөгү «Азиза ЛТД»;
-
Ош шаары, Алымбек Датка көчөсүндөгү «Осман»;
-
Ош шаары, Курманжан Датка көчөсүндөгү «Ойша Финанс»;
-
Ош шаары, Алымбек Датка көчөсүндөгү «Али Умар» алмашуу жайы;
-
Кара-Суу району, Андижан айылындагы «М Юсуф»;
-
Кара-Суу району, Жаңы-Турмуш айылындагы «Аманат Береке» алмашуу жайы.

