Ош базарынын аймагында жайгашкан «Акиф» эт базарынын негиздөөчүсү жана директору өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качкан фактылары үчүн кармалды.
Тактап айтканда, “Акиф Фирма” ЖЧКсы кош бухгалтердик эсепти түзүп, соода жайларын ижарага алуу үчүн чогултулган акча каражатын талаптагыдай эсепке албаган, финансылык документтерде эсепке алынбастан төлөмдөр жүргүзүлгөн.
Ошол эле учурда, базар жетекчилери күн сайын ижарачылардан 100 миң сомго жакын акча чогултуп, бирок жеке баюу жана салык төлөөдөн качуу максатында каржылык отчеттордо алынган пайданын көлөмүн 90%га чейин кем баалашкан.
Ошондой эле, “Акиф Фирма” ЖЧКсынын жетекчилери алдамчылык аракеттерди жасоо менен өзгөчө ири өлчөмдө жабырлануучунун мүлкүн ыйгарып алганы аныкталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен 2024-жылдын 14-февралында “Акиф Фирма” ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана башкаруучу директору кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.