Ош шаарында аянты 1,8 гектар болгон жер тилкесин мыйзамсыз кайра каттоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Иштердин жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топко тиешелүү жаран кармалып, жер тилкесинин кылмыш жолу мен алынгандыгы, жашырылгандыгы жана мыйзамдуулук үчүн колдонулгандыгы аныкталды», – деп жазылат маалыматта.
Натыйжада болжолдуу баасы 43 миллион 750 миң сом болгон жер тилкеси мамлекеттин менчигине өткөрүлдү. Учурда бул иш боюнча башка адамдардын катышуусу жана мүлктү уурдоо менен мыйзамдаштыруунун кошумча фактылары текшерилип жатат.

