"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Ош: Эгемендүүлүк күнүнө карата бир нече объектилер пайдаланууга берилет

Президенттин Администрациясынын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев Ош облусуна жумушчу сапар менен барып, Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берилүүчү инфраструктуралык жана социалдык объектилердин даярдыгын көрүп чыкты.

Азамат Кадыралиевге Президенттин өкүлү Элчибек Жантаев Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа унаа жолунун капиталдык оңдолушу жана башка курулуштар тууралуу маалымат берди. Объектилерди пайдаланууга берүү боюнча даярдыктар талкууланып, сунуштар айтылды.