Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев 17-март күнү таң эрте тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге Оштогу Касымбеков жана «Достук» чек ара бекетине кеткен Кулигов көчөлөрүнүн абалын текшерди.
Рейд учурунда шаар башчысы тиешелүү кызматтарга аталган көчөлөрдүн сырткы көрүнүшүн оңдоп, иретке келтириш керектигин айтты. Ошондой эле кызыл сызыктан чыккан курулуштарды бузуу, тротуарларды куруу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмаларды берди.