Ош шаарындагы Маматисаков көчөсүнөн чыккан өрт 19-октябрь күнү саат 16:00дө толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт турак үйдүн болжол менен 1895 чарчы метр аянтын каптаган. Жабыркагандар болгон жок.
Өрттү өчүрүүгө ӨКМден 8 бөлүм, 2 автошаты, кырдаалдарды башкаруу борборунун ыкчам тобу, Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу жана башкаруу тобу тартылды. Ошондой эле жеринде ички иштер кызматкерлери жана тез жардам кызматтары иш алып барды.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.