"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Ош: Мэр 8 балалуу энеге үй берди

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев көп жылдан бери мектепте пол жууп иштеген 8 балалуу эне Роза Абдыкаровага жаңы жылдык белек катары үй берди.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, калаа башчысы буга чейин аталган билим берүү мекемесиндеги оңдоп-түзөө иштеринен кабар алуу учурунда көп балалуу эненин абалы менен таанышып, ага жардам берерин убадалаган.

Тапшырылган турак жай толук оңдоп-түзөөдөн өткөн. Жеңишбек Токторбаев мындан тышкары, үй тиричилигине керектүү эмеректер менен муздаткыч, газ плитасы, аристон жана сыналгы менен камсыздады.

Белгилей кетсек, сегиз баланын энеси үй-бүлөсү менен буга чейин батирде жашаган.