Декабрь айында Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейи өзүнүн 20 жылдык тарыхын камтыган китептин бет ачары өтөт.
Бул китеп музейдин кантип түзүлгөнүн, кандай чыгармалар топтолгонун жана түштүк аймактын маданиятына кошкон салымын кыскача баяндап берет.
Белгилей кетсек, басылма Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен жарык көрдү.

