"Эркин-Тоо"

Ош облусуна киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынды

29-апрелде Ош облусуна киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, облус аймагында абал турукташып, сел каптаган райондордо калыбына келтирүү, тазалоо жумуштары аяктаганына байланыштуу, Ош облусунун башчысынын буйругунун негизинде өзгөчө кырдаал режими алынган.

Белгилей кетсек, 20-апрелден тарта Ош облусунун аймагында сел жүрүп, үйлөрдүн короолорун, унаа жолдорду суу каптап, бир адам каза болгон. Буга байланыштуу облус аймагында өзгөчө кырдаалдар режими киргизилген.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!