Ош облусунун аймагында мыйзамсыз балык уулоого шектелген кытайлык үч жаран кармалды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.
Балык уулоого шектелген жарандар дарыядан балыкты атайын электрондук шаймандар менен кармап жаткан жеринен кармалган. Бул мыйзам бузуу фактысы боюнча тиешелүү административдик протокол түзүлүп, материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.