"Эркин-Тоо"
Аймак Аймактарда Жаңылыктар

Ош облусундагы унаа жолдорунун оңдолушуна 4 млрд сом бөлүндү

Быйыл Ош облусунун жолдорун жакшыртуу үчүн Турукташтыруу фондунан кошумча 4 млрд сом каралган. Бул боюнча Кыргыз Өкмөтүнүн басма сөз кызматы маалымдап, учурда жүрүп жаткан оңдоо иштери менен МинКабдын Төрагасы Адылбек Касымалиев таанышып чыккандыгын кошумчалады.

Жогоруда көрсөтүлгөн каражат Өзгөн — Мырза-Аке — Кара-Кулжа, Ош — Баткен — Раззаков, Ош — Кара-Суу жана Ноокат — Кызыл-Кыя жолдорунун калган бөлүгүн оңдоого жумшалат.

Азыркы тапта Өзгөн шаарындагы 4,5 чакырымдык тилкеде оңдоо иштери жүрүп жатат. Жол төрт тилкелүү болуп кеңейтилип, тротуар, жашыл зона жана ирригациялык системалар курулууда.