Ош облусунун бир катар айылдарында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
20-апрелде жаап өткөн жаандын кесепетинен Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Суу айыл аймагынын Чаеке айылында сел жүрдү.
Ошондой эле Ош облусунун Алай районундагы Тилектеш айыл аймагынын Тогуз-Булак айылында сел жүрүп, Гүлчө–Жошолу ички чарбалык унаа жолунун 7 чакырымы жабылган. Жерине Тилектеш айыл аймагынан грейдер тартылып, унаа жол саат 19:30 тазаланып ачылган.
Мындан тышкары, жаап өткөн жамгыр аралаш мөндүрдүн кесепетинен Алай районунун Корул айыл аймагынын Тогуз-Булак айылында сел жүргөн. Жерине ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынан ыкчам топ тартылган.
20-апрелде саат 17:30 чамаларында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош–Гүлчө–Сары-Таш–Эркечтам унаа жолунун 45-49-чакырымдарынын 2 тилкесинде сел жүрүп, жол каттамы убактылуу жабылган.