3-июнь күнү Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын утурлай, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы ички иштер органдарында 35 жылдан ашуун кызмат өтөгөн кызматкер, Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары, ошол эле нөөмөт бөлүгүнүн башчысы, милициянын полковниги Беков Жеңишбек Абдирашовичти салтанаттуу түрдө ардактуу эс алууга, узатышты.
Иш-чарага башкармалыктын жетекчиси Нурланбек Бурканов, Ош облустук ички иштер башкармалыгын Ардагерлер кеңешинин тѳрагасы Курсан Камчиев, өздүк курам жана ардактуу эс алууга узатылып жаткан кызматкердин туугандары, уул-кыздары катышышты.
Нурланбек Бурканов кызматкерге ийгилик каалады.
Бүгүн биз ардактуу эс алууга узатып жаткан кызматкерибиз дээрлик 35 жылдан ашуун убакыт, кыргыз милициясынын өнүгүүсү үчүн өзүнүн билимин, жаштыгын, күч-кубатын арнап, чын дилден кызмат кылды.
Жогоруда айтылган 35 жыл кызмат өтөө учурундагы тайгак кечүү, тар жолдордон татыктуу өтүп, бүгүнкү салтанаттуу күндү кесиптештерибизге жана жакындарыңызга арнап олтурасыз.
Мамлекет алдында берген антыңызга бекем туруп, кыргыз милициясы жана элибиздин тынчтыгы үчүн ак кызмат кылганыңызга терең ыраазчылык билдирем», — деп белгиледи.
Ошондой эле, ардактуу эс алууга кетип жаткан кызматкерге өздүк курамдын атынан белектер тапшырылып, куттуктап келген жолдошторунун атынан ыр саптары айтылды.
Салтанаттуу азем башкармалыктын кызматкерлеринин саптык жүрүшү менен аяктады.