"Эркин-Тоо"

Ош облусунун Ноокат районунун Н.Исанов айыл аймагынын башчысы Мирлан Примкулов: «Бардык тармактарда атаандаштыкка туруштук берүү жогорулоодо»

Ош облусунун Ноокат районундагы Н.Исанов айыл өкмөтү өткөн жылы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүндө олуттуу жетишкендиктерге жетишкен. Айыл өкмөт башчысы Мирлан Примкуловдун айтымында, жыл башында 38,3 млн сом өлчөмүндө салык жана салык эмес жыйымдарды чогултуу планы коюлса, натыйжада 39,9 млн сом жыйналган.

Айыл өкмөтү дотация көлөмүн кыскартуу боюнча да натыйжалуу иш алып барып, 2025-жылдан баштап айыл аймагы дотациядан толугу менен чыкты. Бул чоң ийгилик экенин белгилеген Мирлан Примкулов, мунун баары сарамжалдуу башкаруу жана эффективдүү салык чогултуу иштеринин жыйынтыгы экенин айтты.

Өнөр жай тармагында да өсүш байкалып, 2024-жылдын 12 айында айыл өкмөтүнүн аймагында 6,1 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн. Н.Исанов айыл өкмөтүнүн бул жетишкендиктери – аймакта айыл чарбасы, өнөр жайы жана жергиликтүү экономикасы туруктуу өнүгүп жатканын айгинелейт.

Жаңы ишканалар ачылып, өндүрүш өсүүдө

— Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Н.Исанов айыл аймагында эки ири объект ишке берилди. Алардын бири, айыл чарба тармагына багытталган логистикалык борбор, экинчиси – тигүү цехи.

Жалпы 14,5 млн сом сметалык нарктагы тигүү цехинин ачылыш аземи Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаровдун онлайн катышуусунда өттү. Иш-чарага Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Мамажунус Абилов, чет элдик инвесторлордун өкүлдөрү жана АРИС уюмунун адистери катышты. Жаңы тигүү ишканасы 40 жумушчу орунга эсептелсе, учурда 30га жакын кыз-келин туруктуу жумуш менен камсыз болду.

Айыл аймагынын экономикасы тоо-кен өнөр жайынын эсебинен да жигердүү өнүгүүдө. Бүгүнкү күндө «УСМ Водстрой», «ЖЧК Самайт» жана «ЖИ Агзамов» ишканалары үч көмүр кенин натыйжалуу иштетишип, 2024-жыл ичинде 34 000 тонна көмүр өндүрүштү. Бул көрсөткүч жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө олуттуу салым кошуп, айыл аймагында социалдык долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүндүк берди. Ошондой эле, аталган ишканалар роялти жана лицензиялык төлөмдөрдү төлөө менен инфраструктураны жакшыртууга да салым кошууда.

Атаандаштыкка туруштук берген айыл чарбасы

— 2024-жылы айыл чарба тармагынын жалпы өндүрүш көлөмү 618 млн сомду түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 18 млн сомго көбөйдү. Бул көрсөткүч 102% аткарылганын көрсөтүп, айыл чарба секторундагы туруктуу өсүштү далилдейт.

Ири долбоорлордун бири – Түлкү-Дөбө участкасында курулган «Ноокат алма» айыл чарба кооперативинин логистикалык борбору. Сметалык наркы 120 млн сомду түзгөн 1 200 тонналык бул заманбап сактоочу жай Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Б. Төрөбаевдин, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э. Жантаевдин, Ноокат райондук жетекчилилигинин, АРИС уюмунун өкүлдөрүнүн жана ишкерлердин катышуусунда ачылды.

Учурда аталган борборго 700 т алма сактоого киргизилди. Келечекте бул жерде алма сорттоо, таңгактоо, кургатуу жана экспорттоо иштери жүргүзүлөт. Натыйжада, айыл чарба продукцияларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жогорулап, эл аралык рынокко чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Ирригация жана таза суу боюнча ири иштер аткарылды

— Айыл аймагында сугат суунун тартыштыгын жоюу максатында бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашырылды. Чеч-Дөбө жана Күңгөй-Кожоке айылдарында мурда иштен чыккан 4 эски скважина Ага-Хан коомдук фондунун колдоосу менен оңдолуп, 6 млн сомго жаңы жабдуулар орнотулду. Ал эми оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине жергиликтүү бюджеттен кошумча каражат бөлүнүп, 60 га эгин талаасына сугат суусун жеткирүү шарттары түзүлдү.

Күңгөй-Кожоке айылынын Карабаш участкасына 385 000 сомго суу насосу алынып, 20 гектар эгин аянты сугат суусу менен камсыз болду. Чеч-Дөбө айылындагы ички арык системасын жакшыртуу максатында жергиликтүү бюджеттен 980 000 сомго латоктор сатып алынып, 651 метр аралыкка орнотулду. Бул долбоор 40 га эгин талаасын сугат суу менен камсыз кылууга багытталды. Ошондой эле, ички арыктар менен каналдарды тазалоо үчүн 350 000 сом бөлүнүп, тиешелүү иштер жүргүзүлдү.

Айыл аймагындагы таза суу менен камсыздоо иштери

— Жергиликтүү тургундарды ичүүчү таза суу менен камсыздоо максатында, Ош облустук өнүктүрүү фондунун колдоосу менен жалпы 5 млн 200 миң сомго жабдуулар алынып, Кожоке айылында 300 кубдук суу кампасы курулду. Андан тышкары, таза суу түтүктөрүн жаңылоо жана кеңейтүү иштери жүргүзүлүп, жалпы 11 000 м аралыкка суу түтүгү тартылды. Анын ичинде Күңгөй-Кожоке айылына 3 500 м, Күңгөй-Кожоке жана Жар-Коргон айылдарына 2 000 м суу түтүктөрү тартылып, эски түтүктөр алмаштырылды. Бул иштердин натыйжасында 734 кожолуктан турган 10 000ден ашуун жаран таза суу менен камсыз болуп, жалпысынан бул долбоорго 7 млн 400 миң сом сарпталды.

Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

— 2024-жылы айыл аймагында катталган сел ташкындары бир катар турак жайларга жана айыл чарба жерлерине олуттуу зыян келтирди. Кожоке, Чеч-Дөбө жана Жаңы-Базар айылдарында болгон селден айрым үйлөр жабыркап, эгин аянттарын суу каптады. Өзгөчө Кожоке айылындагы Алчалуу участогунда сел ташкыны 30 турак жайга кирип, бакча жана эгин аянттарын бузуп кетти. Кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн Ноокат райондук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы жана жергиликтүү бийлик жардам көрсөтүп, техникалык шаймандарды жана адам күчүн тартты.

Кызыл Жарым Ай коому жана коңшу мамлекеттер тарабынан гуманитардык жардамдар көрсөтүлүп, жабыркаган жарандарга таркатылды. БУУнун Өнүктүрүү Программасы тарабынан да (БУУДАТП) селдин кесепетин жоюу иштерине катышкан жумушчуларга эмгек акы төлөнүп берилди. Мындан тышкары, Көк-Бел, Н.Исанов жана Кеңеш айыл өкмөттөрүн табигый кырсыктардан коргоо максатында 7 млн сомдук өрт өчүрүүчү имарат курулуп, жакынкы күндөрү ишке берилмекчи.

Жаңы инвестициялар жана жумуш орундары

— 2024-жылдын 12 айында Н.Исанов атындагы айыл өкмөтү жалпы 135 млн 262 миң 500 сомдук инвестиция тартты. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 20 млн 762,5 сомго көп болуп, өсүү ыргагы 118% түздү. Аймакта ишкердикти өнүктүрүү жана жумуш орундарын түзүү багытында да маанилүү иштер жүргүзүлүп, 168 жаран туруктуу жумуш менен камсыз болду.

Сапаттуу жолдор жана жарыктандыруу

— Жергиликтүү жана республикалык бюджеттин эсебинен айыл ичиндеги жолдорду оңдоо жана жаңылоо иштерине 28 млн сом бөлүнүп, Күңгөй-Кожоке, Жаңы-Базар жана Чеч-Дөбө айылдарында 4 км жол асфальтталды. Байыш участогунда АРИС уюмунун каржылоосу менен 1600 м аралыкка асфальт төшөлүп, 1000 м жөө өтмөк салынды. Бул иштерге 24 млн сом сарпталды. Мындан тышкары, жалпы 2000 м аралыкка шагыл төшөө үчүн жергиликтүү бюджеттен 250 000 сом бөлүнсө, демөөрчүлөрдүн жардамы менен 9,2 км жолго 1 млн 700 миң сом сарпталды.

Айыл ичин жарыктандыруу иштери да жигердүү жүргүзүлүп, жергиликтүү бюджеттен 821 000 сом бөлүнүп, 11 970 м аралыкка электр чубалгылары тартылды. Ошондой эле, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 428 000 сом сарпталып, кошумча 1800 м аралыкка жарык орнотулду.

Социалдык колдоо жана жакырчылыкты кыскартуу

— Социалдык контракт программасынын алкагында аз камсыз болгон 25 жаран ишкердик сабаттуулук боюнча окутулуп, 171 үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Ар бир үй-бүлө 100 000 сомдон каржылык жардам алып, өз ишмердүүлүгүн баштады. Бул колдоонун натыйжасында 2023-жылы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны 541 жаранды түзсө, 2024-жылы бул көрсөткүч 387ге чейин төмөндөп, жакырчылык деңгээли 28,5% азайды.

Билим берүү тармагындагы маанилүү иштер

— Аймакта 8 мектеп жана 9 бала бакча иштеп, 324 мугалим 4036 окуучуга билим берүүдө. Ошондой эле, 721 бала бала бакчаларда тарбияланууда. Билим берүү мекемелеринин инфраструктурасын жакшыртуу боюнча да маанилүү иштер жүргүзүлдү. Ломоносов атындагы орто мектептин жылытуу тутуму жаңыланды. А. Осмонов атындагы орто мектепке 600 000 сомго жаңы стол-стулдар алынып, республикалык бюджеттен 5 млн сом бөлүнүп, капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү. Алтын-Казык орто мектебинин чатыры 600 000 сомго жаңыланды.

Жаңы билим берүү мекемелеринин курулушу да жүрүүдө. Жар-Коргон айылындагы “Улук апа” көчөсүндө мектепке чейинки билим берүү мекемеси курулуп, демөөрчүлөр тарабынан 45 млн сом бөлүнүүдө. Кожоке айылында жалпы сметалык баасы 76 млн сом болгон бала бакчанын пайдубалы бүттү.

Саламаттыкты сактоо тармагындагы жаңылануулар

— Аймактагы медициналык кызматтарды Көк-Бел аймактык ооруканасы, 3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 4 фельдшердик-акушердик пункт, 1 стоматологиялык эмкана жана 2 тез жардам пункту көрсөтөт. Көк-Бел ооруканасы 30 орунга ылайыкташтырылып, жалпы 74 медициналык кызматкер иш алып барат. Учурда оорукананын имараты бала бакчанын имаратында убактылуу жайгашкандыктан, жаңы оорукана куруу иштери башталды. Бул үчүн 25 млн сом бөлүнүп, дубалы тургузулду. Мындан тышкары, Күңгөй-Кожоке айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун чатыры жаңыланды. Төрөт үйүнүн терезелери алмаштырылып, жергиликтүү бюджеттен 160 000 сомго пластик терезелер орнотулду.

Кенже Осмоналиева