Ош шаардык кеңеши бүгүн 14-ноябрда өтүп жаткан кезектеги сессиясында мэр Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечимин кабыл алды. Жашыруун добуш берүүгө 42 депутат катышып, жыйынтыгында алардын 39у ишенбөөчүлүк көрсөтүү сунушун колдошту, үчөө каршы болушту.
«Мэрия шаардык кеңештин токтомдорун 95% аткарды. Жыйында мэрдин орун басары Замир Юсупов сөз сураганда, депутаттары аны угуудан баш тартышты», — деп жазды муниципалитет өзүнүн социалдык баракчасына.
Мэр боюнча жана вице-мэрлерди кызматтан алуу тууралуу сунуштарын Ош шаарынын депутаттары бүгүн айтып чыгышкан, аларды бардык фракция лидерлери колдошкон.
Депутаттар шаардык кеңештин токтомдору аткарылбай жатканын жүйө келтиришкенин, бирок алар 95% аткарылганын мэрдин орун басары Сонунбек Жунусбаевге таянып мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Төрт фракциядан турган Ош шаардык кеңешинде 45 депутат бар. Ош шаары республикалык маанидеги макамга ээ, мэрди Президент дайындайт.
Белгилей кетсек, Бакыт Жетигенов шаарга башчы болуп бир жыл мурда дайындалган.