"Эркин-Тоо"

Ош шаардык мэриясына кылмыш иши козголду

КР УКМК тарабынан Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу долбооруна өткөрүлгөн тендерде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу болгон деген шек менен шаардык мэрияга кылмыш иши козголду.

Бул факты боюнча иш Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүгү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Аталган факты тууралуу мэриянын кайсы кызматкерине карата кылмыш иши козголгонун УКМК азырынча ачыктай элек.

Эске салсак, долбоор 2020-жылы башталып, аны эки жылда бүтүрүү болжолдолгон. 252 миллион сомго бааланган долбоордун тендерин «Капитал Курулуш» жоопкерчилиги чектелген коому утуп алган. 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!