"Эркин-Тоо"

Ош шаардык милициясы мыйзамсыз сакталган куралдар менен 3 жаранды кармашты

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн каракчылыкка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан атайын операциялар отрядынын жардамы менен жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттердин натыйжасында ок атуучу куралдар алынды. Мыйзамсыз куралды алып жүргөнгө шектүү кылмыштуу топ Ош шаарына батыш тараптан кире берүүчү жол айлампасында токтотулуп, кармалды. Алар жүргөн «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаасынан АКСУ-74У үлгүсүндөгү автомат (магазининде 4 огу бар болгон), 1 даана тапанча(магазинде 3 огу бар) алынган. Кармоо учурунда бул топ милиция кызматкердерине каршылык көрсөтүшүп, качууга аракет жасашкан.

Автоунаада отурган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургуну 1996-жылы туулган Ө. уулу Т., Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну 1993-жылы туулган А. уулу Э. жана Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну 1994-жылы туулган Ш.Т. кармалышып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына алынып келинди. Учурда алгачкы тергөө амалдары жүрүп жатат. Кармалгандардын баары мурда бир нече жолу сот жообуна тартылышкан жарандар.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!