Президент Садыр Жапаров тарабынан Мамлекеттик турукташтыруу фондунан бөлүнгөн 500 миллион сом каражаттын негизинде Ош шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык ишканалар үчүн жалпы 120 даана атайын техника сатылып алынды.
Жаңы алынган техникалар учурда шаардын борбордук аянтында тизилип, тиешелүү ишканаларга бөлүштүрүлүүгө даярдалууда. Жалпысынан 21 түрдөгү техника, анын ичинде шаар көчөлөрүн тазалоо, жууп-шыпыруу, кыш мезгилинде кар күрөө жана туз себүү иштерин аткаруучу атайын унаалар, ошондой эле оор жүк ташуучу SANY жана SHACMAN маркасындагы унаалар, жолго асфальт төшөөчү жабдуулар жана башкалар бар.
Бул техникалар шаар инфраструктурасын, анын санитардык абалын жакшыртуу максатында алынды.

